ДҮЙНӨДӨ
КЫРГЫЗСТАНДА
Расмий тили - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренеси
Кыргыз элинин байыркылыгына карабай XX-кылымдын 20-40-жылдарына чейин жазма кыргыз тилинин өнүккөн жана туруктуу системасы калыптанган эмес. Ошол эле учурда совет мезгилинин алгачкы жылдарында колдонулган араб жана латын алфавиттери улуттук тилди, биринчи кезекте билим берүү секторунда өнүктүрүүнүн талап кылынган деңгээлин толук көлөмдө камсыз кыла алган эмес
Заманбап алфавиттин башатында советтик тилчи, кыргыз таануучу, биринчи Кыргыз – Орус сөздүгүнүн автору Константин Юдахин турган. Окумуштуу “ойчул, олуттуу жана жайбаракат” мамилени карманган, ал эми кыргыз алфавитин жана орфографиясын иштеп чыгуу кыргыз жана орус адистери тарабынан жүргүзүлгөн фундаменталдык лингвистикалык жана филологиялык изилдөөлөргө негизделген.
Кирилл алфавити кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга өбөлгө түздү жана кыргыз тилинин жаңы орфографиясынын туруктуу эрежелеринин жыйындысы улуттун ой жүгүртүүсүнүн жана рухунун чагылышы, улуттук иденттүүлүктүн белгиси, аны сактоонун өбөлгөлөрүнүн бири жана агартуунун эң натыйжалуу куралы болгон кыргыз адабий тилинин өнүгүшүнө сезилерлик түрткү берди.
Кириллицанын кыргыз тили жана
Кыргызстан үчүн мааниси
Кыргыз ССРинин калкынын иш жүзүндө 100% камтыган орусташтырылган кириллицанын негизинде жалпы орто билим берүү киргизилген
А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбаевдин, Т.Касымбековдун, Ч.Айтматовдун жана башка көптөгөн адамдардын чыгармачылыгы менен берилген өзгөчөлөнгөн кыргыз адабияты түптөлгөн
Кыргыздар орус тилин, ал аркылуу дүйнөлүк жана орус илими менен маданиятынын жетишкендиктерин тоскоолдуксуз өздөштүрө алышты
Пушкиндин тили бардыгы үчүн
Пайдалуу ресурстар жана долбоорлор
(иштеп чыгуу баскычындагы бөлүм)
Квалификацияны жогорулатуу курстары
Методикалык колдоо
Такшалмалар
Кыргызстанда орус тилин кантип колдоо боюнча идея барбы? Бул жерден мындай долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтө турган фонддордун жана уюмдардын тизмесин тапса болот